Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖҮРҮМҮ – мугалимдердин түздөнтүз катышуусу менен өтүүчү жана окуучулардын өзалдынча окуусу сындуу сабактар, ошондой эле окуучулар менен бүтүрүүчүлөрдү сынак ж. б. аттестациянын түрлөрү аркылуу тарбиялоо менен окутуунун уюштурулган жүрүмү. Ал билим программалары Б. б. ж. аркылуу жүзөгө ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖҮРҮМҮНҮН КАТЫШУУЧУЛАРЫ – окуучулар (тарбиялануучулар), мугалимдер, билим берүү уюмунун окутуу-жардамдашуу жана башкаруу кызматкерлери, окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөр).